Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Орусия Сириядагы аскер базасына заманбап зениттик системасын жайгаштырат


Күйүп, кулап бараткан орусиялык учак
Күйүп, кулап бараткан орусиялык учак

Орусия Сириядагы аскердик базасына заманбап, эң мыкты делген зениттик аткылоочу системасын жиберүүнү мерчемдеп жатат.

Владимир Путин бүгүн Екатеринбургда сөз сүйлөп, Москва Сириядагы аскерий базасына S-300 зениттик-ракеталык системасын жайгаштырарын кабарлады. Мурдарак коргоо министри Сергей Шойгу да орус бийлиги Сириядагы Хмеймим базасына S-400 ракеталык системаны жөнөтөрүн айткан эле.

Мындай билдирүү Түркия-Сирия чек арасында орус аскер учагын Түркия атып түшүргөндөн кийин жасалды. Окуя болгон жерде бир орус аскери өлтүрүлгөн.

Орусия куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын жетекчиси Сергей Рудской 24-ноябрь күнү: “Биз кооптуу деп эсептеген бардык буталар жок кылынат”, - деген.

Анкара Орусиянын учагын Түркиянын аба мейкиндигин бузганы үчүн атып түшүргөнүн айтса, Москва орус истребители Сириянын аба мейкиндигинен сыртка чыкпаганын айтууда.

XS
SM
MD
LG