Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Эрдоган: Түркия өз чек арасын коргоону улантат


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркия Орусиянын Су-24 истребителин атып түшүрүүгө байланышкан окуяны көбүртүп жабыртпай, мындан ары да өз чек арасын коргоону уланта берерин бул өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Стамбулда бүгүн өткөн экономикалык конгрессте сөз сүйлөп:

- Тилекке каршы бири-бирибизге каршы чыгуунун ачуу даамын татып жатабыз. Бул окуя Түркия мурда макулдашкан кызматташтык эрежелерин сактоонун алкагында болду. Түркия коңшуларына карата эч качан күч колдонбойт, - деди.

Эрдоган Орусиянын учагы Түркиянын аба мейкиндигиндеги чекти өткөндөн кийин атылганын, буга Түркия аймагына түшкөн учактын калдыктары да далил экенин кайталап, Су-24 учуп бара жаткан жерде “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери жок экенин айтты.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Эрдоганды Су-24 истребителине байланыштуу кырдаалды жөнгө салууга чакырганын Германиянын Focus журналы жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG