Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

“Республика - Ата Журт” KG номерден, үйдөн да баш тартты


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, фракция KG номерден, үйдөн, бир жардамчыдан жана жайкысын берилчү жолдомодон баш тартты.

- Биз KG номерди артыкчылык деп айтып жатабыз. Анткени биз эл өкүлү болгондон кийин жолдо да баары менен тең, катар жүрүшүбүз керек. Мындан сырткары биз кызматтык үйлөрдөн да толугу менен баш тарттык.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында чыгымды кыскартуу жана жеңилдиктерден баш тартуу боюнча чечим кабыл алышкан. Ага ылайык, эл өкүлдөрү кызматтык машина жана айдоочудан баш тартышты. Кызматтык унаа төрага жана анын эки орун басарында гана калат. Бирок депутаттар KG номерин өз машиналарына тагуу мүмкүнчүлүгүн калтырышкан. Мындан сырткары эл өкүлдөрүнүн жардамчы, кеңешчилеринин орду сакталып калууну, шаардан 20 чакырым алыс жашаган депутаттарга жана каалоочуларга кызматтык үй берүүнү колдошкон.

Жарандык коом депутаттардын чыгымын азайтууну талап кылып келишет. Парламентке жыл сайын элден чогулган салыктын эсебинен 800 млн. сом сарпталат. Ал эми бул кыскартуулардан 50 млн. сомдой каражат үнөмдөлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG