Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Таластык окуучу Ирандагы олимпиадада 2-орунду алды


"Себат" түрк лицейи
"Себат" түрк лицейи

Таластагы “Манас Ата-Себат” кыргыз-түрк лицейинин окуучусу Бегаалы Чикитаев Иран мамлекетинде өткөн геометрия олимпиадасында 2-орунду алды. Олимпиадага Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн окуучулары катышкан. Бүгүн аталган лицейдин салтанаттуу жыйынында эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсүнө лицейдин мактоо баракчасын облустун Акыйкатчысы Арзыкан Момунтаева тапшырды.

Аталган лицейдин дагы бир окуучусу Темирлан Кубаналиев былтыр Азербайжанда өткөн химия боюнча эларалык олимпиадага катышып, коло медалын уткан. (SS)

XS
SM
MD
LG