Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Орусия Түркия менен визасыз режимди жоёт


Стамбулдагы нааразылык акциясында Орусияга каршы да ураан-чакырыктар айтылды. 27-ноябрь, 2015-жыл.
Стамбулдагы нааразылык акциясында Орусияга каршы да ураан-чакырыктар айтылды. 27-ноябрь, 2015-жыл.

Орусияга Түркиянын жарандары үчүн визасыз кирүү тартиби бир тараптуу түрдө 1-январдан тарта жоюларын бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жарыялады.

Ал бул чечимдин жүйөсүн азыр Түркияда “согушкерлердин ары-бери каттоо трафиги жолго коюлганы”, Анкара бул маселеде Москва менен кызматташпай жатканы менен негиздеди.

Визасыз режимди жоюу - Орусия Түркияга 24-ноябрда Сирия-Түркия чек арасында аскерий учагы атып түшүрүлгөн соң көрүп жаткан жооп чаралардын бири.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Орусияны өз билдирүүлөрүндө “от менен ойноону” токтотууга чакырып, алар аба мейкиндикти бузган учак орусиялык экенин алдын ала билбегенин, ага Түркиянын мындай учурларда реакция жасоо эрежелерине ылайык чара көрүлгөнүн кайрадан белгиледи.

Эрдоган ошондой эле Орусиянын Түркия “Ислам мамлекети” тобунан мунай сатып алат деген айыптоосун четке какты.

Түрк президентинин айтымында, АКШда орусиялык компаниялар жана “Ислам мамлекети” тобу кара майды Башар Асаддын өкмөтүнө сатканы боюнча “документалдуу далилдер” бар.

Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков орус жана түрк президенттеринин келерки аптада Парижде климат боюнча саммитте жолугушуу мүмкүнчүлүгүн четке кагып, муну Түркия учактын атылышы үчүн кечирим сурабай жатканы менен түшүндүрдү.

Түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы мурдараак кечиримди Анкара эмес, Москва суроосу керектигин билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG