Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Москва ИМге каршы жерден сокку урууну колдойт


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Франциянын “Ислам мамлекети” террор уюмуна каршы жерден сокку уруу демилгесин колдорун билдирди. Буга чейин француз тышкы иштер мекемесинин башчысы Лоран Фабиус ИМге каршы жерден сокку уруучу күчтөрдүн биримдигин түзүүнү сунуштаган.

Лавров Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем катышкан маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Орусия “Ислам мамлекетин” жок кылууга бардык күчтөрдү жумшоого кызыкдар экенин билдирди. Ал мындан тышкары Владимир Путин менен Франсуа Олланддын бейшембидеги жолугушуусунда ИМге каршы күрөштү ыраатташтыруу боюнча орток пикир табылганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG