Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Турганбаев: Кадыр Маликовго кол салгандар чукул арада кармалат


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

ИИМ башчысы Мелис Турганбаев дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандар жакын арада белгилүү болорун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кол салууну турмуштук же Маликовдун ишмердигине байланыштуу деп алдын ала айтууга болбойт. Бирок бардык жоромолдор иштелип жатат.

Буга чейин Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде Маликовду сабап качкандарга тиешелүү БМВ машинасы табылган. Шектүүлөр аныкталып, аларды издөө боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуяга күбө болгон 20дан ашуун киши суралды.

26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар менен чыккан чырда анын жаагына бычак сайышкан. Ага №4 ооруканада операция жасалып, абалы оор, бирок туруктуу. Маликов “Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетекчиси жана мусулман диниятчысы. Ал такфиристтерге, диний экстремизмге каршы чыккан аалымдардан. Милиция бул кол салуу анын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин айтып жатат. Бирок Кадыр Маликов кол салгандар “Аллаху акбар” деп кыйкырганын жүйө кармап, радикалдардын өч алуу аракети катары баалоодо.(UЕz)

XS
SM
MD
LG