Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Молдовада миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты


Молдовада нааразылыкка чыккандар президенттин отставкасын талап кылышууда.
Молдовада нааразылыкка чыккандар президенттин отставкасын талап кылышууда.

29-ноябрда Молдованын баш калаасы Кишиневдо миңдеген кишилер мамлекеттик бийлик бутактарындагы коррупциянын жоюлушун талап кылып, нааразылык акциясына чыкты. Ушундай эле акциялар өлкөнүн дагы башка алты шаарында өтүүдө.

Ушул жума ичинде борборго жана Молдованын түндүгүндөгү негизинен орус улутундагылар отурукташкан шаарларга кол салууну көздөп жаткан деген шек менен куралдуу топтун 13 мүчөсү камакка алынган. 29-ноябрда өлкөнүн убактылуу премьер-министри Георге Берга коопсуздукту күчөтүүгө чакырды.

Октябрь айынын соңунда парламент өкмөттү отставкага кетирген.

Былтыр күздө Молдованын банктарынан бир миллиард доллар жоголуп, бирок бул көз бойомочулук боюнча эч чара көрүлбөгөнүнө нааразы болгондор президент Николай Тимофтинин, өкмөттүн отставкасын, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып чыгышкан. Демонстранттар ошол талаптарынан кайта элек.

XS
SM
MD
LG