Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

Парижде акцияга чыккан жүздөй адам кармалды


Париждеги акция маалында полиция топтолгон элге карай көздөн жаш чыгарчу газ чачты.
Париждеги акция маалында полиция топтолгон элге карай көздөн жаш чыгарчу газ чачты.

Франциянын баш калаасы Парижде эртең баштала турган Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитин утурлай дүйнө жүзү боюнча он миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Демонстранттар глобалдык климаттын өзгөрүүсүн токтото турган кескин чараларды көрүүнү талап кылышууда. Учурда ири акциялар Лондондо, Нью-Йоркто, Рио-де Жанейро жана Мехикодо өтүп жатат. Париждин өзүндө эки жума мурда киргизилген ири акцияларды өткөрбөө талабына карабай топтолгон элге каршы полиция көздөн жаш чыгарчу газ бүркүп, 100дөй адамды камакка алды.

Акция маалында беткапчан адамдар тобу полициячыларды көздөй таш ыргытып, сөгө башташкан.

Демонстрация Республика аянтында өтүп, активисттер акцияга келбей калган адамдардын санын белгилөө үчүн аянтка 20 миң бут кийимди тизип чыгышты.

Парижде жана Франциянын башка аймактарында 13-ноябрда болгон катар-катар теракттардан соң өзгөчө кырдаал киргизилген. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган кандуу окуяларда 130 адамдын өмүрү кыйылган.

Климаттын өзгөрүүсү боюнча Улуттар Уюму башында турган эл аралык конференция 30-ноябрда Парижде болуп, ага 140 өлкөнүн лидерлери катышат.

Бул иш чарада коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча 11 миң полиция кызматкери тартылды.

XS
SM
MD
LG