Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

ЕБ менен Түркия миграция кризисине каршы күрөшүүнү макулдашты


29-ноябрда жетишилген макулдашууга ылайык Сирия качкындарына жардам берүү жана чек арасын кайтарууну жакшыртуу үчүн Түркияга 3 млрд. 200 млн. евро берилет. Европа биримдиги ошондой эле Түркияны курамына алуу боюнча сүйлөшүүнү жандантат. Европа биримдигинин төрагасы Дональд Туск Европа биримдиги качкындарга жардамын көбөйтөрүн ырастады:

-Биз, Европа биримдиги миграцияны башкаруу жана анын агымын азайтуу үчүн Түркияда жана ал региондогу качкындарга жардамды күчөтөбүз. Биз виза режимин жеңилдетүү багытында иштеп, аткезчилик криминалга каршы биргелешкен күрөштү күчөтөбүз. Эки тараптуу мамилени чыңдоого киришебиз.

Европа биримдиги бөлгөн каражат Түркиядагы 2,2 млн. качкындын турмушун жакшыртып, алардын Европага умтулуусун басаңдатыш керек. (AiT)

XS
SM
MD
LG