Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Алты миллионунчу Айлиндин ата-энесине батирдин ачкычы тапшырылды


Алты миллионунчу кыргызстандык кыздын энеси Рахат Белекова.
Алты миллионунчу кыргызстандык кыздын энеси Рахат Белекова.

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Ош шаарында алты миллионунчу болуп төрөлгөн кыздын ата-энесине төрт бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Өкмөт башчы наристеге ден соолук, узун өмүр каалады.

Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Ошто 25-ноябрда төрөлгөн. Ымыркайдын атасы Алмаз Кожошев аскер кызматкери, энеси Рахат Белекова үй кожойкеси. Үй-бүлөнүн буга чейин үч уул, эки кызы болгон. Айлин бул бүлөдө алтынчы болуп төрөлдү. (КЕ/YI)

XS
SM
MD
LG