Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Кыргызстан элдери ассамблеясын өзгөртүү сунушталууда


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйында Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаев "Азаттыкка" билдирди. Ал ассамблеяга кирген ар кайсы улуттун диаспоралары коом катары гана иштеп, мадиний иш-чараларды уюштуруу менен чектелип жатканын айтты. Учурда аны өзгөртүү боюнча бир канча өлкөлөрдүн тажрыйбасы каралууда. Мисалы, Казакстанда ассамблеянын башында президент өзү турат жана ага мамлекеттен каражат бөлүнөт.

Буга чейин ассамблеянын өлкөдөгү этностор, улуттар аралык чыр-чатактарды басуудагы ролу чабал деген сындар айтылып келген. Өзгөчө 2010-жылдагы июнь коогалаңында өзүнүн милдеттерин так аткара албай койду деген кине тагылган.

Бүгүн улуттук азчылыктарды өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна тартуу, алардын мамлекеттик кызматтарда, тартип коргоо жана шайлоо органдарында болушу талкууланууда. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG