Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Атамбаев: Мөңгүлөрдүн эриши өзгөчө тынчсыздандырат


Франция -- Алмазбек Атамбаев БУУ саммитинде. Париж, 30-ноябрь, 2015.
Франция -- Алмазбек Атамбаев БУУ саммитинде. Париж, 30-ноябрь, 2015.

Парижде өтүп жаткан климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУ саммитинде бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да сөз сүйлөп, Борбор Азияны таза суу менен камсыздап турган Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эрип баратышы өзгөчө тынчсыздантарын айтты.

"Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Кургакчыл жылдар көбөйүүдө, климат өзгөрүшүнөн улам эл арасында ар кандай илдеттер да көбөйүп баратат, - деди Атамбаев. Президенттин сөзүнө караганда, 2025-жылы өлкөдөгү мөңгүлөрдүн аянты 30-40 пайызга кыскарып, анын натыйжасында Борбор Азия дарыяларында суунун көлөмү 25-35 процентке азайышы ыктымал.​ Эгер ушул темпте кете берсе, 2100-жылга барып, Кыргызстанда таптакыр мөңгү калбай калуу коркунучу бар.

Атамбаев ошентсе да кыргыз өкмөтү климаттын жаман жагына өзгөрүүсүнүн алдын алуу боюнча бир катар чараларды көрүп, 2017-жылга чейинки улуттук стратегиялык программага жаратылышты сактоо боюнча бир топ иш-чаралар киргизилгенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG