Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Арменияда Конституцияны өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө


Ереванда 3 миңдин тегерегинде адам митингге чыгып, Конституциялык реформага каршылыгын билдиришти. Алар реформа азыркы президент Серж Саркисяндын бийлигин узартуу максатын көздөрүн айтышууда. Митингчилер Саркисяндын кызматтан кетүүсүн, жаңы парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү талабын коюшууда.

6-декабрда Арменияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум белгиленген. Референдумда өзгөртүү кабыл алынса Армения парламенттик республикага айланып, бийлик президент эмес, премьер-министрдин колуна чогулат. Оппозиция Конституцияны өзгөртүү Саркисяндын бийликте андан ары калышына багытталган деген пикирде. (AiT)

XS
SM
MD
LG