Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Орус өкмөтү санкция салынган түрк товарларынын тизмесин жарыялады


Премьер-министр Дмитрий Медведев санкция салынган товарлардын тизмесин 1-декабрда бекитти. Ага ылайык Түркиядан пияз, томат, бадыраң, апельсин, мандарин, жүзүм, шабдаалы, тоок этин импорттоого жол берилбейт. Ошондой эле келерки жылдан баштап түрк жарандарын жумушка алууга тыюу салынат.

Орус президенти Владимир Путин орус учагынын 24-ноябрда атып түшүрүлүүсүнө байланыштуу Түркияга санкция киргизүү жардыгына 28-ноябрда кол койгон. Санкциялык тизменин арасында Түркиядан Европага карай “Түрк агымы” аталган газ куурун тартуу, Түркияда атомдук электр станциясын куруу сыяктуу ири долбоорлор жок. (AiT)

XS
SM
MD
LG