Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Парламент акыйкатчыны келерки аптада шайлайт


Кыргызстан акыйкатчысынын демилгеси менен чакырылган аялдарды кыйноого каршы жыйын.
Кыргызстан акыйкатчысынын демилгеси менен чакырылган аялдарды кыйноого каршы жыйын.

Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин фракциялары акыйкатчы кызматка талапкерлерди тандаган.

Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Социал-демократтар фракциясы учурда акыйкатчынын милдетин аткарып жаткан Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлигин көрсөткөн. “Республика Ата-Журт” фракциясы ИИМ, МАИни реформалоо боюнча демилге көтөрүп келаткан юрист Атыр Абдрахматованын, “Ата Мекен” фракциясы “Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиеванын талапкерлигин жактырган. Мындан сырткары парламент сыноосуна Турсунбек Акун менен Кыйноолорду алдын алуу борборунун мурдагы жетекчиси Бакыт Рысбековдун талапкерлиги да сунушталган.

Талапкерлер арасында аты аталгандардан сырткары Марат Кайыпов, Асия Сасыкбаева, Нуркамил Мадалиев жана башкалар да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, парламент ушул декабрда акыйкатчыны шайлайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG