Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Стамбул: жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ушу тапта Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалыматты тактоодо. 1-декабрда Стамбул метросунун жанында жарылуу болуп, андан беш киши жаракат алганы айтылган. Жарылуудан кийин метронун иши токтотулган.

Түркиянын башкалаасы Анкарада быйыл октябрда эки жанкечтинин жардыруусунан 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылгандан бери өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Түркияда окуп-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын бейрасмий саны 5 миң чамалуу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG