Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Кыргызстанда жер силкинди


Бүгүн түштөн кийин, саат 13:50дө Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, силкинүүнүн очогу коңшу Тажикстанда, Чоң-Алайдан 120 чакырым түштүк-чыгыш тарапта болду, күчү 8 баллга жетти.

Жердин титиреши Кыргызстанда да сезилди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, Дароот-Коргон, Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 5 балл, Ошто 4, Бишкек жана Нарын шаарларында 3 баллга жетти.

Ушуну менен өлкө аймагында соңку бир ай ичинде 7-жолу жер титирөө катталып жатат. 17-ноябрда Оштун Кара-Суу районуна караштуу Чайчы айылында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, 400дөй турак жай жабыркаган. Адам өмүрүнө зыян тийген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG