Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Москвада “Яблоконун” лидери кармалды


Бүгүн Москвадагы Пушкин аянтында “Яблоко” партиясынын лидери Сергей Митрохин жана мүчөсү Антон Антонов-Овсеенко кармалды. Мындан башка дагы активисттер жана чагымчылдар кармалганы айтылууда. Бүгүн оппозиционерлер өлкөнүн Конституция күнүнө байланыштуу пикетке чыгышкан. Москва бийлиги активситтерге “Өзгөрүү маршын” өткөрүүгө уруксат берген жок. Бирок уюштуруучулардын айтымында, мэриянын жообунда баш тартуунун себептери ачык көрсөтүлгөн эмес.

Бүгүн активисттер Пушкин аянтына чогулуп, Сахаров проспектисине чейин жөө жүрүш жасоону пландаган. Уюштуруу комитетинен билдиришкендей, акцияга ПАРНАС, “Яблоко”, “Жарандык демилге” жана “Тилектештик” кыймылынын өкүлдөрү чыгышмак. (КЕ)

XS
SM
MD
LG