Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

БУУ Мадайядан ачарчылыкка кабылгандарды чыгарып кетүүгө үндөдү


Мадайя шаарынын жардамга муктаж тургундары. 11-январь, 2016-жыл
Мадайя шаарынын жардамга муктаж тургундары. 11-январь, 2016-жыл

Бириккен Улуттар Уюму Сириянын Мадайя шаарында ачарчылыкка кабылган калкты тез арада калаадан алып чыгып кетүүгө чакырды. Коопсуздук кеңеш жыйынынан соң БУУнун гуманитардык жардам көрсөтүү мекемесинин башчысы Стивен О'Брайен ачарчылыктан улам медициналык жардамга муктаж 400 адамды тез арада шаардан алып чыгып кетүү зарылдыгын билдирди. Ал жаатташкан тараптарды мунасага келип, ачарчылыктан кырылып калышы мүмкүн жөн-жай тургундарды чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурады.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун билдирүүсү боюнча, 1-декабрдан бери Мадайяда 28 адам ачарчылыктан каза болду. Кыйынчылыкка туш келген шаарга Кызыл жарым ай уюму 11-январда 44 автоунаа гуманитардык жардам киргизди.

XS
SM
MD
LG