Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Оштогу өзбек тилдүү окуучуларга кыргыз тили үйрөтүлүп жатат


Ош шаарындагы өзбек тилдүү мектептерде билим алган жогорку класстагы окуучуларга кыргыз тилин үйрөтүү боюнча атайын курс уюштурулду. Окутуунун биринчи этабы 9-январда башталган. Ош мамлекеттик университетинде өтүп жаткан курс 18-январда соңуна чыгат. Экинчи этабы 23-30-март күндөрү болот.

Билим берүү жана илим министрлиги БУУ жана ЮНИСЕФтин колдоосунда уюштурган окутуу жалпы республикалык тестирлөөгө балдарды даярдоо максатын көздөйт. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Өткөн жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тили алынып салынган. Мектеп бүтүрүүчүлөрү ошол тесттин жыйынтыгы менен окуу жайларга тапшыра алышат.

Ош шаарындагы 53 мектептин экөө толугу менен өзбек тилинде сабак берет. Ал эми өзбек окуучулары каттаган башка мектептер кыргыз-өзбек, орус-өзбек тилдеринде окутат. (SE)

XS
SM
MD
LG