Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнес үчүн 1,2 млрд сом насыя берди


Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасынын алкагында 113 мекеме жалпы суммасы 1 миллиард 200 миллион сомдук жеңилдетилген насыя алышты. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады.

Аталган фонд «Айыл Банк» жана «РСК-Банк» аркылуу 61 айыл чарба компаниясына 367 миллион сом насыя берилген. Алардын ичинен 20дан ашууну күнөскана, 20дайы айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү, калганы мал чарбасы менен иштегендер. Мындан сырткары 380 млн сом өнөр жай, өндүрүш жабдууларын модернизацяилоо багытында иштегендерге берилди. Булардан сырткары тоо-кен өндүрүшү, энергетика, транспорттук компаниялар фонддун жеңилдетилген насыясына ээ болушкан.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берүүчү жеңилдетилген насыянын жалпы кору 1 миллиард доллар. Бул акча Кыргызстанга ЕАЭБге кирүү шартында колдоо көрсөтүү максатында берилген. Насыя 12 үстөк-пайыз менен беш жылга чейинки мөөнөткө берилет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG