Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Рим католик жана Орус провослав чиркөө башчылары жолугат


Папа Франциск жана Патриарх Кирилл
Папа Франциск жана Патриарх Кирилл

Папа Франциск менен Патриарх Кириллдин келерки аптага мерчемделген жолугушуусу тарыхый деп мүнөздөлүүдө. Жолугушуу Кубада өтөрүн Ватикан бүгүн жарыялады. Бул эки ири чиркөө башчысынын тарыхтагы алгачкы кездешүүсү болот.

Жолугушуу ошондой эле христиан дининин Батыш жана Чыгыш бутактары ортосунда 1000 жылдык тарыхы бар ажырымды оңдоо багытындагы эбегейсиз мааниси бар кадам катары да сыпатталууда.

Папа Франциск Кубага Мексикага бара жаткан жолдо токтойт, ал эми Патриарх Кирилл бул өлкөгө расмий визит менен келет. Чиркөө башчылары Гавана аэропортунда кездешмекчи.

Орус - проваслав чиркөөсү белгилегендей, Патриарх Папа менен Жакынкы Чыгышта христиан азчылыктарынын куугунтукталышына бирге жооп берүү зарылдыгынан улам жолугууда.

Тараптар жолушушууда чиркөөлөрдүн карым-катнашы боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшу керек. (UE)

XS
SM
MD
LG