Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

АКШ доллары төмөндөөнүн үстүндө


Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 74 сомдон бааланууда. Айрым жерлерде 10-20 тыйынга арзан. Ал эми сатылып алынуусу 72,5 сомдун айланасында. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 74 сом 78 тыйын.

Америкалык доллар 28-январдан бери төмөндөөнүн үстүндө келе жатат. Бул күнү АКШ доллары 76 сом 10 тыйындан сатылган.

Айрым адистер Улуттук банк доллардын курсун улам интервенциялоо менен күчтөп кармап турат деп билдиришсе, Улуттук банк мындай пикирлерди жокко чыгарып келет. Өткөн бир эле айда Улуттук банк 64 млн жакын долларды базарга чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG