Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Ош мэриясы музей комплексин карамагына алгысы келет


Сулайман Тоо
Сулайман Тоо

Ош мэриясы “Сулайман-Тоо” музей комплексин маданият министрлигинин карамагынан чыгарып, Ош шаарына өткөрүп берүүнү сурады. Бул тууралуу Ош шаардык бюджетинин 2016-жылга карата долбоорун угуу учурунда калаанын вице-мэри Замир Аскаров билдирди:

- Сулайман-Тоо музей комплекси шаарга карабайт, Маданият министрлигинин карамагында турат. Ошондуктан аны шаардын карамагына өткөрүп берүү сунушун өкмөткө бергенбиз. Бул сунуш өкмөттүн кароосунда турат. Эгерде “Сулайман-Тоо” музей комплексин бизге өткөрүп бере турган болсо, аны өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлорду ишке ашырабыз деп ишендире алабыз.

134 гектарлык “Сулайман-Тоо” археологиялык музей комплекси 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Музейге жыл сайын 100 миң турист келет.

Учурда музейдин так территориясын аныктаган мамлекеттик документ жок. Музей жетекчилиги корук аймакка курулуш курган жеке адамдар менен беш жылдан бери соттошуп келет.(YI)

XS
SM
MD
LG