Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

РАЖ: Кыргыз өкмөтү "Центерранын" кошумча эмиссия чыгаруусун токтотууга тийиш


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Мындай чечимди “Республика Ата-Журт” фракциясы 5-февралдагы жыйынында кабыл алды. Фракция “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбековдун маалыматын угуп, “Центерра Голд инк.” Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеп жатат деген бүтүм чыгарган. Фракция башчысы Өмүрбек Бабанов "Центерра" эмиссияларын көбөйтүү менен өзүнүн ички карызын жабууга аракет кылып жатат деп эсептейт:

- Биздин акцияларыбыз азайып аткан учурда кандай чара көрүлүп жатат? Сөз биздин акциябыздын кандай жол менен жок кылынып жатканында. Ошондуктан, өкмөт "Центеррага" кошумча эмиссия чыгаруусуна жол бербөө үчүн чукул чара көрүүгө тийиш.

“Республика Ата-Журт” фракциясы экологиялык жактан келтирилген зыяндары үчүн да жооптуу экенин эскертип, компания келтирилген зыяндарды төлөп берүүгө милдеттүү деп чечти.

Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра голд инк.” ишканасы кошумча акция чыгаруу боюнча дымагын билдирген.

Премьер-министр Темир Сариев 3-февралда Жогорку Кеңеште аталган эмиссия боюнча чечим Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбестигин айтып, өкмөт сотко кайрыларын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG