Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Бишкекте эл аралык бокс мелдеши аяктады


Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш
Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш

Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. 3-февралда башталып, 7-февралда аяктаган мелдешке 10 өлкөдөн 136 мушкер катышты. Спортчулар 10 салмак даражасында байгелер үчүн таймашты.

Натыйжада кыргыз мушкерлер беш алтын, эки күмүш, жети коло медалды тагынышты. Алтын байгеге Турат Осмонов, Азат Үсөналиев, Эрмек Сакенов, Өмүрбек Малабеков жана Сергей Паренко ээ болду. Орусия курама командасынын өкүлдөрү үч алтын алса, Казакстан менен Өзбекстандын боксчуларына бирден алтын медаль буюрду. Мелдештин мыкты мушкери наамына Алжир командасынын өкүлү Бенгабл Абделхафид татыды.

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 39-жолу өткөрүлдү. Бул турнирге быйыл алгачкы жолу Алжир, Ирак жана Бириккен Араб Эмирлигинин бокс боюнча улуттук курама командалары келишти.(ECh)

XS
SM
MD
LG