Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Давутоглу: Түркия качкындарды зарыл учурда кабыл алат


Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу өлкөнүн чек арасына топтолгон 30 миңден ашуун киши Сирия түндүгүндөгү Алеппо аймагында Башар Асадды колдогон орус аба күчтөрүнүн чабуулунан качып келгенин билдирди. Бүгүн Анкарада Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушкандан кийин өткөн маалымат жыйынында Давутоглу Түркия зарыл болгон учурда гана сириялык качкындарды кабыл аларын айтып, бирок бул орус учактарынын соккусунан качкандарды Түркия кабыл алат деген идея менен шайкеш келбеши керектигин кошумчалады.

Давутоглу Түркия менен Германия Алепподогу чабуулду токтотуу үчүн биргелешкен дипломатиялык демилгелер менен чыгууга макулдашканын да айтты.

Сириядан Европаны көздөй жол тарткандардын көпчүлүгү Түркия аркылуу өтөт. Брюссель буга чейин качкындарды Европага өткөрбөөгө көмөк көрсөтүү үчүн Түркияга үч миллиард евро жардам берүүнү убада кылган. Давутоглу Евробиримдиктин бул каражаты колго тийгенден кийин жасалчу иштер боюнча Брюсселге кийинки жумада маалымат берилерин да билдирди.

XS
SM
MD
LG