Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Лужков: Москвадагы павильондорду алуу чечими - ката


Юрий Лужков
Юрий Лужков

Москва шаарынын мурдагы мэри Юрий Лужков баш калаанын азыркы бийлиги метро станцияларынын жанындагы күркөлөрдү алдыруу менен ката кетирип жатат деп эсептейт. Би-би-си радиосунун орус кызматына берген интервьюда экс-мэр "өлкө экономикасы башынан ушунча проблемаларды кечирип жаткан кезде, чакан бизнести жок кылуу туура эмес" деди. Лужков бийлик “өз алдынча салынган” деген айрым курулуштардын ээлери мыйзамдуу уруксат алышканын белгиледи.

Мамлекеттик думанын депутаты Дмитрий Гудков да павильондорду тургузууга уруксат алынгандыктан, бийлик аларды алдырууга акысыз болчу деп билдирди.

Соода күркөлөрүн сүрдүрүү чечимине каршы Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов да каршы чыгып, талкаланган бизнестин ордуна эч нерсе сунуш кылбай адамдарды “көчөгө айдап чыгуу” көңүл оорутарын айтып, мунун арты "жакшылык менен аяктабашы мүмкүн" деп эскертти.

Шейшембиге караган түнү орус баш калаасында бийлик уруксатсыз салынган деген павильондор алына баштаган. Буйрукка ылайык, 100дөн ашуун соода түйүндөрү менен күркөлөр сүрдүрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG