Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Былтыр кен тармагынан 7,5 млрд сом каражат түштү


2015-жылы Кыргызстан бюджетине кен тармагынан 7,5 млрд сом каражат түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин геология башкармалыгынын башчысы Наби Эшназаров билдирди.

-Бул геологиялык чалгындоо жана салыктан түшкөн каражат. Ал эми кен өндүрүү жагы өзүнчө эсептелет.

Былтыр Таластагы "Жерүй" аукциондун негизинде сатылып, анда алтын кенин иштетүү укугун орусиялык “Востокгеолдобыча” компаниясы утуп алган. Компания республикалык бюджетке 100 млн АКШ долларын чегерген. Буга чейин премьер-министр Темир Сариев 2016-жылы Талды-Булак-Сол-Жээк жана Бозумчак кендери толук кубаттуулукта иштей баштаса, бюджетке кошумча 1,5 млрд сомго жакын киреше түшөрүн айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG