Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Кубанычбек Кулматов Кыргызстандан кете турганын билдирди


Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов
Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу убактылуу Кыргызстандан жакын арада кете турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйында кызматтан кеткен себебин түшүндүрүп жаткан учурда айтты. Ошондой эле ал эл менен эң тыгыз иштегенге аракет кылганын, журналисттерге ачык болгонун белгиледи.

- Менин кызматтан кетишим саясатка байланыштуу эмес. Бул менин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жеке чечимим болду. Бүгүнкү күндө мэрия эл менен тыгыз эле иштеп жатат. Ар кандай каналдар бар, мисалы, маалымат каражаттар аркылуу. Бул жерде отургандар түз эле мага телефон чалышчу. Ушундай мэр менен сүйлөшүп жүргөнсүңөрбү? Мен дайыма телефонго жооп берчүмүн. Вице-мэрлер иштешип жатат силер менен. Социалдык тармактар аркылуу бир күндө таштанды, светафор жана башка маселелер боюнча 600-700 сүрөт жөнөтчү.

Мындан сырткары Кулматов реформаны кыска убакытта жасоо мүмкүн эмес экенин, ал иш дайыма жүрүшү зарылдыгын белгиледи.

2014-жылдын башында мэрлик кызматка келген Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүүгө 9-февралда арыз жазган. Учурда мэрдин милдетин вице-мэр болуп турган Айгүл Рыскулова аткарууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG