Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Футзал: Кыргызстан Өзбекстандан жеңилип калды


Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Ташкентте өтүп жаткан Азия чемпионатынын тайпалык беттешинде өзбекстандык атаандаштарына утулуп калды. 12-февраль күнкү беттеш 1:2 эсебинде аяктады.

Кыргызстан 10-февраль күнү Ливан менен ойноп, 4:4 эсебинде тең чыккан. 14-февралда Сауд Арабия менен беттешет.

Азия чемпиондугунун оюндары 10-февралдан 21-февралга чейин уланат.

Кыргызстан "А" тайпасында Өзбекстан, Ливан жана Сауд Арабиянын командалары менен беттешет. Азырынча бул тайпада өзбек спортчулары лидер болууда.

"В" тайпасында Иран, Ирак, Кытай, Иордания, "С" тайпасында Таиланд, Вьетнам, Кытай Тайбэй, Тажикстан, "D" тайпасында Жапония, Австралия, Малайзия, Катар командалары ойношот.

Тайпалык мелдештерде экинчи орунду алгандар чейрек финалда таймашат.

XS
SM
MD
LG