Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Медведев Батышты Орусия менен кызматташууга чакырды


Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Орус премьер-министри Дмитрий Медведев бүгүн Мүнхенде коопсуздук маселеси боюнча жыйында сөз сүйлөп, Батышты Москва менен мамилени суутпай, глобалдык маселелерди чечүүдө тыгыз кызматташуусу зарылдыгын билдирди.

Анын айтымында, Батыштын Москвадан алысташы - “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлеринин күчтөнүшүнө шыкак берет. “Ортодогу солгундаган ишенимди калыбына келтирүү зарыл, бирок бул үчүн тараптар бири-бирине шарт койбошу керек”,- деп кошумчалады Медведев.

Москва өкүлү менен бир күндө сөз сүйлөгөн француз премьери Манюэль Вальс Орусия Сириядагы чабуулдарды токтотуусу зарылдыгын, анткени жайкын тургундар көп кырылып жатканын белгиледи.

Андан мурдараак бир катар батыш лидерлери Сириядагы орус аскерлери зомбулукка жол ачып жатканын билдиришкен.

Ушул күндөрү Мүнхенде Сириядагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча эл аралык жыйын болууда.

XS
SM
MD
LG