Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

АКШда элүүдөн ашуун унаа кагылышып, үч киши мерт кетти


Пенсильвания штатында начар аба ырайынан улам 50дөн ашуун унаа кагылышып, үч адам өлдү. Кырк киши жараат алып, ооруканага түштү. Алардын үчөөнүн абалы оор. Дагы 70 адам убактылуу баш калкалоочу жерге жайгаштырылды. Би-Би-Си кабарлагандай, авария ишемби күнү Филадельфиядан 120 километрдей алыстагы шосседе жүк унааларынын катышуусунда болгон.

Айдоочулар кар катуу жаап, алдыда бараткан унаалар көрүнбөй калганын белгилешүүдө.

Ал арада АКШнын метеорология кызматы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы катаал аба ырайына байланыштуу тургундарды үйдөн чыкпоого чакырды.

XS
SM
MD
LG