Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Нарында бир жарым жашар наристе ур-токмоктон чарчап калды


Нарын районуна караштуу Учкун айылында бир жарым жашар наристе тууганынын токмогунан чарчап калды. Облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ороз Молдосариев окуя 11-февралда болгонун “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, наристенин апасы аны келинине таштап, өзү борборго иштегени кеткен.

Келин бала ыйлай бергенинен бир чапканын, өлтүрүү ниети болбогонун тергөөчүлөргө айткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, бала эс-учун жоготкондо дарыгер чакырышкан. Ак халатчандар анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Наристенин денесинде ур-токмоктун белгилери аныкталган.

Айыпталып жаткан аялдын өзүнүн да төрт баласы бар. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG