Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Кыргызстанда ак калпак күнү белгиленүүдө


5-март калпак күнүнө арналган “Көктөм шаңы” маданий иш-чарасы Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүүдө. Иш-чаранын катышуучулары алгач Улуттук филармониянын жанына чогулуп, борбордук аянтка чейин жүрүш менен барышты. Уюштуруучулардын бири, “Көчмөн” коомдук фондунун төрагасы Улан Үсөйүндүн “Азаттыкка” маалымдашынча, иш-чаранын алкагында улуттук тамак-аш, кийим-кечелердин көргөзмөсү болот. Мындан тышкары улуттук тамактарды жасоо, элечек ороо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Улан Үсөйүндүн айтуусунда, “Көктөм шаңы” иш-чарасынын максаты - кыргыздын маданияты тууралуу кенен маалымат берүү болуп саналат.

Ак калпак күнү бүгүн аймактарда да белгиленүүдө. Жалал-Абад шаарындагы "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасынын кызматкерлери улутуна карабай, жумушка ак калпак кийип келишти. Мекеменин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, ишканада ондон ашуун улуттун өкүлдөрү эмгектенишет.

Социалдык тармактарда сүрөттөр коштогон маалыматтарга караганда ак калпак күнүн чет мамлекеттерде жашаган кыргыздар да белгилеп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG