Март айынын ичинде Улуттук банк валюта базарынан 15 млн. 450 миң доллар сатып алды. Бул АКШ валютасынын курсунун кескин төмөндөөсүнө жол бербөө үчүн жасалганы кабарланган.
7-мартта Бишкекте акча алмашуу жайларында бир доллардын сатуудагы баасы 72 сом, сатып алуу баасы 71 сом 80 тыйын болуп турду. Ал эми Улуттук банк 6-мартта бир доллардын баасын 72 сом 70 тыйын деп белгилеген. (AiT)