Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Башкы прокурордун ишин эки комитет колдоду


Жемкорлук.
Жемкорлук.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин укук тартиби жана кылмуштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында 2015-жылы аткарылган иштер боюнча башкы прокурорунун отчету угулду.

Баш прокурор Индира Жолдубаева өткөн жылы коррупция боюнча 1140 кылмыш иши козголгонун, анын ичинде 905 кылмыш иши же 80 пайызы прокуратура органдары тарабынан козголгонун билдирди. Анын айтуусунда, 2015-жылы 22 судьяга, 2 Жогорку Кеӊештин депутатына кылмыш иши козголгон.

Өз сөзүндө Жолдубаева мамлекеттик сатып алуулар өтө коррупцияланган тармак бойдон калып жатканын айтып, ошентсе да Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү чаралары туура багытта баратканын айтып өттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйынтыгында эки комитетинин депутаттары прокурордун 2015-жылдагы ишин канааттандырарлык деп таап, парламенттин кароосуна чыгаруу чечимин кабыл алды. (SDz)

XS
SM
MD
LG