Бириккен Улуттар уюмунун Сириядагы жумушчу тобунун башчысы Ян Егланд акыркы суткадагы кырдаалды “апааттын жеткен чеги” деп сыпаттады.
Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына ылайык, 28-апрелде Алеппо шаарындагы бомбалоодон 61 адам мерт кетти. Бул калаада президент Башар Асаддын күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда кагылышуу 22-апрелден тарта күчөп кетти. Андан бери 150 чамалуу адам набыт болушту.
Айрым маалымат булактары Башар Асаддын армиясын Орусиянын аскерий учактары колдоп жатканын кабарлоодо.