Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Түндүк Кореянын кезектеги ракета учуруусу ийгиликсиз аяктады


Пхеньян ядролук дүрмөттөрдү жеткирүүчү жабдууларды сыноо иштерин улантууда.

АКШнын Азия жана Тынч океандагы базаларына жете турган аскердик ракета көккө кое берилгенден бир нече секунд өтпөй жерге кулады.

Түндүк Кореянын аскерлери өткөн бир суткада эки жолу “Мусудан” үлгүсүндөгү орто аралыкта учуучу баллистикалык ракетаны учуруп, бирок экөөндө тең ийгиликке жетишкен жок. Reuters кабарлагандай, бул сындуу ракеталар үч миң чакырым аралыкка учууга кудуреттүү.

Бул ийгиликсиз аракеттер 6-майда өтө турган башкаруучу “Эмгек” партиясынын съездин утурлай уюштурулган.

Буга чейин “Мусуданды” 15-апрелде сыноодон өткөрүшкөн. Ал Түндүк Кореянын негиздөөчүсү Ким Ир Сендин туулган күнүнө багышталган. Анда учуруу ийгиликсиз болгондугуна карабай, БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга санкциялар киргизилерин айткан.

Түндүк Корея ядролук куралдарын 2006, 2009, 2013-жылдары сынаган. Акыркы жолу ушул жылдын январь айында Пхеньян суутек бомбасын сынай турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG