Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Аба ырайы - жаан жаайт


Нөшөрдөн кийин.
Нөшөрдөн кийин.

Кыргызстанда 30-апрелден 6-майга чейин аба ырайы өзгөрүлүп турат. Нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

30-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;

Суусамырда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9 , күндүз 13…18;

Баткенде түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5 градуска төмөндөйт. 30-апрелде Бишкек шаарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4 - 9 метрден, 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 16…18 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG