Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Байдендин капыс иш сапары Ирактан башталды


АКШ вице-президенти Жо Байден Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади менен.
АКШ вице-президенти Жо Байден Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади менен.

АКШ вице-президенти Жо Байден Багдад менен Күрт автономиялуу райондоруна капыс иш сапары менен келди. Ал өлкөдөгү саясий кризисти жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму менен күрөшүү маселелерин талкуулай турганын жергиликтүү булактар кабарлады.

28-апрелде Байден Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади жана парламент төрагасы Салим аль-Жабури менен жолугушту.

Байден АКШ башында турган коалиция менен Ирак аскерлери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө ийгиликке жетишип жатканын билдирди.

Ак үй Байден Багдаддан ары Күрт районунун борбор шаары болгон Ирбилге эмне максатта бара тургандыгын ачык айта элек.

XS
SM
MD
LG