Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Чек ара көйгөйүн чечүү боюнча өзөктүү чечимдер кабыл алынды


Чаласарт тилкеси, Кыргыз-өзбек чек арасы. 21-март, 2016-жыл
Чаласарт тилкеси, Кыргыз-өзбек чек арасы. 21-март, 2016-жыл

Бүгүн Кыргызстандын Коргоо кеңеши, Чек ара жана Жаза аткаруу системасындагы көйгөйлөрдү талкуулады.

Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун билдиришинче, Чек ара кызматынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу, чек арачылардын потенциалын көбөйтүү жана чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилген.

Мындан тышкары демаркация, делимитация иштери боюнча тапшырмалар берилип, жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жүргүзүлөт. Жумакадыров жакын арада бул иштердин жыйынтыгы көрүнө турганын айтты. Кыргызстанда чек ара коопсуздугу курч көйгөйлөрдүн бири. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларда талаштуу аймактар көп болгондуктан, маал-маалы менен чыр-чатактар катталып турат. Акыркы жолу 18-мартта Аксыдагы Чаласарт тилкесине өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келиши кыргыз тараптын нааразылыгын жаратып, чек арадагы абал курчуп кеткен.

Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын коюп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин аскерлер 26-мартта чыгарылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтса, жергиликтүү калк ал жер мурдатан эле Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери да бар экенин билдирип келишет. (AzK\EBM)

XS
SM
MD
LG