Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Путин Ыраакы Чыгыштан жер берүү мыйзамына кол койду


Орусия президенти Владимир Путин өлкө жарандарына Ыраакы Чыгыштан кеминде беш жылга чейин бир гектар жерди кайтарымсыз пайдаланууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Документ бүгүн өлкөнүн расмий укуктук маалымат порталына жарыяланды. Ага ылайык, үй куруу, фермердик кылуу же ишкердик жүргүзүү үчүн жер тилкесин алууну каалаган жарандар тиешелүү арыз менен кайрылышы шарт. Мыйзам өлкөдөгү тогуз аймакка: Якутияга, Хабаровский, Камчатский жана Приморский крайларына, Магадан, Амур, Сахалин облустарына, ошондой эле Еврей автоном облусу менен Чукотск автоном округуна тиешелүү.

Мыйзамда беш жылдык мөөнөт бүткөн соң аны алган жарандан төлөмдөр алына баштары, эгер жер тилкеси пайдаланылбаган бойдон турса кайтарылып алынышы мүмкүндүгү белгиленген.

XS
SM
MD
LG