Прагада дизайнерлердин апталык көргөзмөсү өтүүдө. Prague Design Week деп аталган бул көргөзмөгө 93 чебердин, анын ичинде түрдүү материалдардан сербаа көркөм буюмдарды жасаган зергерлердин, жыгач жана темир усталардын, ак порум кийим тиккен уздардын, кыялды чындыкка айланткан ойлоп тапкычтар менен интерьер боюнча фирмалардын эмгектери коюлган. Ага Прагадагы Техникалык университеттин архитектура факультетинин студенти, кыргызстандык Салтанат Керезова да өз иштери менен катышууда. Болочок архитектор көрармандардын сынына үйдүн интерьерине ылайыктуу жарык бергич көркөм буюм-тайымдарды сунуш кылган.
Үчүнчү мертебе өтүп жаткан мартабалуу көргөзмө Праганын тарыхый бөлүгүндөгү Кафканын үйүндө уюштурулган (AU).