Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Кремль “НАТОнун күчөшүнө” каршы туруу үчүн жаңы аскердик бөлүктөрдү түзөт


Орусия аскерлери.
Орусия аскерлери.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өлкөнүн батышы менен түштүгүндө үч жаңы дивизия жайгаштырыларын 4-майда билдирди. Анын айтымында, алар НАТОнун Орусиянын чек арасына жакын жерде күч топтоосуна каршы түзүлөт. “НАТОнун аскерий машыгуулары активдешүүсүнө байланыштуу жаңы аскердик бөлүктөр түзүлөрүн” Шойгу биринчи жолу январь айында билдирген болчу.

АКШнын коргоо министри Эш Картер Орусияны “курал булгалап кансыз согуш” мезгилине карай чегинбөөгө чакыргандан бир күндөн кийин Шойгунун билдирүүсү чыкты. Европадагы НАТО күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы генерал Куртис Майк Скапароттинин кызматка киришүүсүнө байланыштуу 3-майда Штутгартта сүйлөгөн Эш Картер “биз Орусияны душманга айлантууну көздөгөн жокпуз”, деп билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG