Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Бишкекте эл аралык тил жана маданият фестивалы өтүүдө


Эл аралык фестивалдын катышуучулары
Эл аралык фестивалдын катышуучулары

Бишкекте 14-эл аралык тил жана маданият фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу фестивалды уюштурган “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда 13 өлкөдөн келген фестивалдын катышуучулары Кыргызстандагы тарыхый жайларды кыдырып, расмий өкүлдөр менен жолугушуу өткөрүүдө.

Филиппин, Мозамбик, Бангладеш, Ооганстан, Орусия, Украина, Индия, Түштүк Африка, Казакстан, Азербайжандан келген окуучулар катышкан фестивалдын гала-концерти 6-майда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт. Анда башка өлкөдөн келген конокторго арналып концерттик программа, сүрөт көргөзмөсү өтөт. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий өкүлдөр катышары күтүлүүдө.

Эл аралык тил жана маданият боюнча фестиваль экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин башка АКШ, Бельгия, Казакстан, Германия, Түркия, Голландия сыяктуу өлкөлөрдө өткөрүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG