Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Соңку беш жылда 54 кыргыз баланы АКШ жарандары асырап алган


Айылдык бала (Сүрөттүн кабарга тиешеси жок).
Айылдык бала (Сүрөттүн кабарга тиешеси жок).

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштурган иш-чарада айтылды. Жыйында министрлик, Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү менен Кыргызстандан бала асырап алган АКШлык үй-бүлөлөр ортосунда видеобайланыш уюштурулду. Анда асыралып алган балдардын абалы боюнча кабар алышты. Иш-чарага катышкан АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни эл аралык бала асыроо багытында байланышка маани берерин билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда кыргызстандыктар 5587 бала асыраса, АКШнын жарандары 54 баланы багып алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG