Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Орусияда 119 миң кыргыз жараны “кара тизмеде” турат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов билдирди. Анын айтымында, учурда Орусияда “кара тизмеге” кирген кыргыз жарандарын чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Анда Орусияда Миграция кызматынын атайын өкүлчүлүгүн ачуу, мигранттардын укуктарын коргоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Адылов Орусияда Федералдык миграция кызматы реформаланып жатканына байланыштуу бул сүйлөшүүлөр создугуп жатканын кошумчалады.

Миграция кызматынын маалымат боюнча 2015-жылы 77 миң кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылган.

Орусия мыйзам бузган, тиешелүү документтери жок мигранттарга шартты катаалдантып, “кара тизмеге” киргизген. Ал каттоого турбаган мигранттарга, эки жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандарга жана документи туура эмес адамдарга деп үч багытта киргизилген.

Учурда Орусияда бир миллионго чукул кыргызстандык жаран эмгектенип жүрөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG