Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Eurovision-2016: сахнада качкындар маселеси чагылдырылды


10-майда Швециянын баш калаасы Стокгольм шаарында эл аралык популярдуу Eurovision шоу сынагынын биринчи жарым финалы өтүп, ага катышкан 18 мамлекеттин ичинен 10 өлкөнүн ырчылары финалга жолдомо алышты.

Биринчи жарым финалда Азербайжан, Армения, Австрия, Орусия, Венгрия, Хорватия, Кипр, Чехия, Мальта, Голландия, Исландия, Черногория, Эстония, Сан-Марино, Молдова, Греция, Босния-Герцоговина жана Финляндия катышып, акыркы 8 өлкө финалга чыкпай калышты.

Европа телеберүү бирикмеси 61-ирет өткөрүп жаткан сынак быйыл “Бириккиле” деген ураан менен уюштурулуп, анда качкындар темасына да көңүл бурулган. Биринчи жарым финалдын соңунда бийчилер тобу Жакынкы Чыгыштан Европага бейпил жашоо издеп агылган бозгундардын образын бий менен чагылдырышты. Бийчилердин коштоосунда залга топтолгон 16 миң киши бири бирин колун кармашып, дүйнө элин ынтымактуу болууга, качкындарды колдоого чакырышты.

Сынактын экинчи жарымы 12-майда өтөт. Финал 14-майда болот. Быйылкы ыр-таймашка Европа чөлкөмүнөн 41 мамлекет жана Австралия катышууда. Финалда 26 өлкө таймашат.

Европадагы букмекерлик кеңселер быйыл Орусия, Франция, Швеция, Венгрия, Австралия жана Армениянын ырчыларын алдыңкы орунду алат деп божомолдоп жатышат.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери жыл сайын такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат.

Сынакты быйыл АКШнын GloboTV каналы да түз алып көрсөтүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG